Бишкек мэриясы: "Мурас-Ордо конушундагы транспорт маселеси чечилет"
Бишкек шаарынын Мурас-Ордо жаңы конушундагы транспорт маселеси чечилет. Бул тууралуу 21-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.Буга чейин аталган конушка бир эле маршруттук каттам барарын, ал каттам жалгыз эле Мурас-Ордонун эмес, Салкын, Озёрный жаңы конуштарынын да элин ташый турганын "ЭЛДИК КАБАРГА" байланышкан окурман билдирген эле.
"Бүгүн вице-мэр Максим Ситников аталган конуштун жашоочулары менен жолугушту. Анда транспорттук ишканалардын жетекчилери катышты. Жолугушууда кичи автобустардын санын көбөйтүү, №18-автобустун маршрутун узартуу маселелери каралды. Тийиштүү мекемелерден сунуштамалар айтылганда конуштун жашоочулары менен дагы жолугушуу болот", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















