Чынгысбек Узакбаев: “Быйыл өкмөт дыйкандардан 50 миң тонна буудай сатып алат”
“Быйыл өкмөт дыйкандардан 50 миң тонна буудай сатып
алат”,- деди бүгүн, 12-июлда коллегия учурунда айыл чарба жана мелиорация
министри Чынгысбек Узакбаев. Айтымында, 25 миң тонна буудайды Мамлекеттик
материалдык резерв фонду сатып алса, 20 миң тоннаны спирт заводу алат, ал эми 5
миң тоннаны “Кыргыз агротүлүккорпорация” ишканасы сатып алат. Белгилей кетсек, быйыл кылкандуу дан эгиндери 628,4 миң гектар жерге себилген.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















