Бишкек шаардык №4-оорукананын айланасындагы жолдорду оңдоо иштери башталды
План боюнча быйыл Бишкекте 45 чакырым жол оңдолушу керек, учурда 5-6 гана чакырым жол оңдолуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда пресс-тур учурунда мэр Иса Өмүркулов билдирди. Айтымында, Гагарин, Донецкий, Түштүк магистраль, Дэн Сяопин, Анкара (Горький) жана Бишкек шаардык №4-оорукананын айланасындагы көчөлөр капиталдык оңдоого муктаж. “Бүгүн 4-оорукананын айланасындагы жолдор жабылды, ал жерде оңдоо иштери башталды, ошондой эле Донецкий көчөсү эмки жумадан баштап оңдоло баштайт”,- деди мэр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















