super.kg logo

Ошто мурда эки жолу соттолгон 16 жаштагы кыз мектеп окуучусун сабоого шектелип кармалды

 
Кызыл күрмөчөн кыз жабырлануучу, кара күрмѳчѳнү шектүү, ал эми жоолукчан кыз видеого тарткан.

Социалдык тармактарда окуучу кыз сабалганы тууралуу видео тараган. Бул боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматы төмөндөгүчө билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, окуя 21-ноябрь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында болгон. Видеодо бети канаган, жабырланган кыз Ош шаарынын мектептеринин биринде 11-класста окуйт. Жашы 16 да. Ал эми аны сабаган кыз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну, 2002-жылы туулган.

"Алгачкы маалыматтарга караганда, жабырлануучуну урган кыз мурда да эки жолу уурулук жана бейбаштык боюнча соттолгон. Учурда дагы бир уурулук иши Кара-Суу РИИБинде каралып жатат. Шектүү кызды апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Ал эч жерде окубаганы жана иштебегени аныкталды. Ал эми эки кыздын видеосун тарткан кыз Отуз-Адыр айылынан болот. Ал дагы эч жерде окубай турганын айтты. Ошондой эле ал көрсөтмөсүндө медреседе окуп, ден соолугуна байланыштуу окуудан чыгып кеткенин айткан. Жашы 17де, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда жашайт", - деди басма сөз кызматкери.

Алгачкы териштирүүдө белгилүү болгондой, 18-ноябрда жаңжалдашкан кыздар Инстаграм социалдык түйүнү аркылуу байланышып, ѳз ара бири-бирине жаман сөздѳрдү жазышып, урушуп кетишкен. Кыздар өз ара маселесин чечүү максатында Ош шаарынын "Космонавттар" эс алуу багында жолугушууну сүйлөшүп, ошол жерде 21-ноябрда саат 11:00 чамаларында жолугушкан. Андан соң эс алуу жайынан алыс эмес жердеги менчик турак үйлөр тарапка барып, урушушкан. Аны видеого тарткан кыз ошол эле күнү досторуна видеону таратып жиберген. Окуя ШИИБдин кылмыш каттоо китебине "бейбаштык" катары катталган.

"Учурда кыздар бири-бирине арыз жазуудан баш тартууда. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы тарабынан толук жана ар тараптуу териштирилүүдѳ. Кыздардын туугандары да суракка чакырылды", - деди басма сөз кызматкери.


кошулду





Ошто мектепте окуган кыздар мушташты (сөгүнгөн сөздөр бар)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
23.11.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
16 га чыккычакты эле эки жолу соттолсо, билбейм адам болобу же адам кейпиндеги айбанбы. Коом үчүн коркунуч да мындайлар.
23.11.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне деген шумдук
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-23 17:31:39
23.11.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудай сактасын,жапжаш эле кыздар! Келечекте кандай эне чыгат булардан,согунгондо уялбай эми жузун жашырганычы!
23.11.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХБКская Бема дейт гой)))
23.11.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХХ жийиркеничтуу.ХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-23 17:43:50
23.11.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Инстаграмдын пайдасы...
23.11.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өкүнүчтүү биз келечегибизди ушинтип тарбиялап атабыз...
23.11.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арыз жазбаса закон иштебейби бизде,эмне деген мамлекет болдук,жаштарга ынсап,ыйман берсинчи
23.11.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Мен 16 чыккычакты 5 жолу отургам.мунуку 2 еле екен
23.11.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Rembo2018
Кыйратыпсын,мактанып коесун го!
23.11.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kurbanalieva1991,мактангандык емес башкаларга сабак болсун дедим, мен коргон кундорду еч кимге каалабайм
23.11.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен акыркы күндөрү адамдарды айбан деп аташтан да уялып калдым себеби айбан адамдарга караганда бир топ боорукер акылдуу анан калса такыр абандыгына салып жакындарына жамандык кылбайт кичине болсо дагы жүрогу бар а биз адам болуп туруп аркырашабыз айкырышабыз
23.11.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздарга *** барбы озунчо мушташып?
24.11.2018. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен өкмөттөн суранат элем... Ушу жашы жете электерге соц тармактарга отурууга, аларды каттоого албай турган чара колдонсо деп. Коом эмес, адамдар бузулуп баратат. Ата-энелери да көзөмөлдөсө ошолорду.
24.11.2018. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тиги экөө го мейли мушташыптыр, а тиги оронгонго эмне жок десең эми?!
24.11.2018. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Asalim-99, оронгон деген эле аты бар да болбосо тигилерден айрымасы деле жок го дейм. Атайын деле кылышышкан болушу мумкун ушинтип интернетке чыгыш учун. Азыр эмнени гана кылышкан жок инстаграмда популярдуу болуш учун
engel түзөттү 2018-11-24 08:12:37
28.05.2019. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оронгон кыздын данныйларын бергилечи сураныч. калп реклама болбой эле койсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: