Ысык-Көлдө катуу шамалдан жогорку чыңалуудагы электр мамылары зыянга учурады. Оңдоп-түзөө иштери 16-декабрга чейин аяктайт
1-декабрь күнү Ысык-Көл облусундагы 110 киловаттык жогорку чыңалуудагы "Ысык-Көл - Чолпон-Ата-1" электр тогун өткөрүүчү аба чубалгыларынын темир-бетон тирөөчтөрү зыянга учурады. Бул тууралуу "Улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому билдирди.
Маалыматка ылайык, ылдамдыгы секундасына 23 метрге жеткен шамалдан зыянга учураган тирөөчтөрдү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.
"Учурда "Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары" ишканасы зыянга учураган тирөөчтөрдү калыбына келтирүүдө. Бул чубалгы аркылуу электр жарыгы менен камсыздалгандар "Ысык-Көл-Чолпон-Ата-2" чубалгысы аркылуу электр энергиясы берилип жатат. 16-декабрга чейин оңдоп-түзөө иштери аягына чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















