super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Туризм департаменти: "Туризм тармагынын ИДПга кошкон салымы 5 пайыздан жогору"

 

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өлкө эгемендикти алгандан бери туризм тармагын өнүктүрүү тууралуу сөздөр айтылып келгенин, бирок иш жүзүндө эч кандай жакшы натыйжа жок экенин айтты.

"Туризм тармагын өнүктүрүүгө кошуна өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып жатасыңарбы? Бизге туристтердин келүүсүнө кандай шарттар түзүлүп жатат?" - деп сурады Икрамов.

Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулунун айтуусунда, коңшу мамлекеттер менен алака жакшы экенин айтып, Өзбекстан, Казакстан, Орусия мамлекеттеринен келген туристтердин саны көп экенин билдирди.

"Алыскы Батыш Европа, Түштүк Азия өлкөлөрү менен да туризм тармагы боюнча байланыштар түзүлүп жатат. Мындан тышкары Кыргыз мамлекети эл аралык туризм жарманкелерине да барып катышып келүүдө. Жыйынтыгында туристтердин саны көбөйүүдө. 2018-жылдын 10 айынын эсебинде дүйнөлүк туристтик уюмдун категорияларына жараша өлкөгө 5 миллион 800 миң турист кирген", - дейт Дамир уулу.

Туризм департаментинин маалыматына ылайык, 2019-жылга туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын негизинде 92 иш-чарадан турган план иштелип чыккан. Учурда туризм тармагынын ИДПга кошкон салымы 5 пайыздан жогору. Алдыдагы 3-4 жылдын ичинде ИДПга кошкон салымды 7 пайыздан 10 пайызга чейин көтөрүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: