super.kg logo

"Ош базарында" кайрадан өрт чыкты

 

4-декабрга караган түнү "Ош базарында" өрт чыкты. Белгилүү болгондой, өрт кырсыгы тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына саат 23:39дар чамасында келип түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө 6 унаа барган. Базардын айланасы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт "Ош базарынын" айланасында жайгашкан кафелердин биринен чыгып, кийин кийим-кече сатуучу бөлүгүнө өткөн.

Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.






Ош базарында дагы өрт чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
04.12.2018. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Подстава. Атайын эле жасалган 200% Башка проект бар менимче. Элди сүрүп, анан бир нерсе салыш керек. Эми беш сары, берекет гранд өрттөлсө өлдү бул жагы.
04.12.2018. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынчтык эле болсун.
04.12.2018. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий Кудайым ай тынч эле койгулачы элдердин жашоосун бузбай аран кун кечирип жургондор канча бир чети ичин ачышат бир чети жинин келет аттин колдон эчтемке келбейт экен бул дуйнодо жийиркенч адамдар ото кобойуудо аябай окунучтуу(
04.12.2018. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ элдерди ызы чуу кылсын деп эле ортоп жаткаго
04.12.2018. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Болгону ордуна башка проект бар ошол салынышы керек элди массалык турдо кууп чыгыш кыйын бир чети жаман болуптур бир чети ордуна жаны проект курулуп ош базар биз аз иретине келсе жакшы болоор эле бардак болуп кеткен аябай эле кулеваны дагы сойкулардан бир тазалап коюушса жакшы болмок чыгымдарыны толоп беришип ордуна жаны проект курулса соонун болот
04.12.2018. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайран гана кыргыз элим,шорубуз көп экен аттиң.Бир адамдын кызыкчылыгы үчүн бир канча уй бүлөөнүн көз жашы,мандай тери, ырыскысын,нанын бир күкүрт менен жайлап олтурушат. Акыйкат барбы өзү бизде!!!Өз элинде иштесе болбойбу дегендерге:мына өз элибизди эмнелер гана кылып жатышат. Сабыр элим ,эл дей турган чоң келээр ,ким кылса да тозок отуна куйкаланып калгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: