super.kg logo

"Ош базарындагы" жыл башынан бери төртүнчү өрт кырсыгы. Ый менен таңды тоскон соодагерлер

 

Бишкектеги "Ош базарынын" аймагында 4-декабрга караган түнү жыл башынан бери төртүнчү ирет өрт кырсыгы катталды. Ый менен таңды тоскон соодагерлер учурда өрттүн калдыктарын тазалоо менен алек.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, өрттүн кесепетинен орто эсеп менен 40ка жакын соодагер жабыркаган. Алардын басымдуу бөлүгү товарларын, ага сарпталган каражатты насыяга алгандарын айтууда.

Үн-сөзсүз ыйлап, маңдай тер менен жылдап чогултулган акчага алган товары күл, кара көөгө айланганына ичи ачышкан Уулкан эже көпкө чейин жолдун четинде көз жашын аарчып турду. Жанына басып барганыбызда гана күйүтүн айтып жеңилдегиси келдиби, терең үшкүрүнүп "Кудай сактасын! Бизде өрт болбойт" деп иштеп келгенин айтты.

"Акыркы 4 жылдан бери жынсы шымдарды, күрмөлөрдү сатып келгем. Түндө кошуналарым "өрттөнүп жатат" деп чалды. Түнкү 1де бул жерге келсем, эч нерсе калбаптыр. Анын үстүнө бизди ичине киргизбей койду. Жакында эле уулумдун атынан 500 миң сомго насыя алган болчубуз. Жекшемби күнү 32 миң сомго жынсы шымдарды алып келип контейнерге койгом. Андан сырткары толтура күрмөлөрүм күйүп кетти, жайкы кийимдер да бар болчу. Эми эмне кылам? Эч нерсем калган жок! Бир тыйыным жок калдым!" - дейт ызаланган Уулкан эже.

Анын айтымында, буга чейин базар ичинде өрттөн жабыркагандарга эч кандай жардам берилген эмес.

"Эч нерсем калган жок, баары күйүп кетти" дейт жарым миллион сомго жакын товары күйүп кеткен Элчибек мырза.

Дагы бир соодагер баарын жоготконун айтып ыйлап жатты. Аны сооротууга бир топ бейтааныш адамдар жана анын жанында иштегендер дагы аракет кылды, бирок ал басылган жок.

Белгилей кетсек, 4-декабрга караган түнү "Ош базарында" өрт чыккан. Өрт чыкканы тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына саат 23:39дар чамасында келип түшкөн. Аймактык тескөөчү кечээ базар жабык болгонун жана өрт чыккан аймакта ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.

Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнүн кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.


кошулду





Ош базарындагы өрт кырсыгы

Ош базарындагы өрт 40 соодагерди жумушсуз калтырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
04.12.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акча табылат, Ден соолук табылбайт Аман калганынарга шугур кылгыла
04.12.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мумкун кырсык мумкун атайын жасалган иштир
Эмнеси болсо да карапайым эл азабын тартып атат.
04.12.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тортунчу ирет кырсык болушу мумкун эмес атайын эле орттоп жатышат 3-4 кабаттуу соода борборлорун салат дагы бир чон бизнесмен
04.12.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ош базарынан бир отоло чыгып кеткилечи
Paprikafm түзөттү 2018-12-04 16:05:53
04.12.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соода укук маданияты качан бизде ишке ашат. Жоопкерчиликти эми эч мойнуна албайт. Страховка жок. Базар башчысы да мамлекет да жоопкерчилик тартбайт.
04.12.2018. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алтын башын аман болсо акча табылат.Эч нерсем калбады деп окуруп бакырып ыйлаган болбойт.
05.12.2018. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча куйуп эчнерсе жок калгыча пожарный деген каякты карайт тушунбойсун. бир байкуш мамлекет болдук го жада калса базардан чыккан ортту очуро албаган соссуз эле кул болуп калыш керек бизде.
Медиа-портал
05.12.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marat_1910,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат, БАНга!
05.12.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
базардын ичине пожарный эмес адам зорго кирет анан кантип очурсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: