super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутат Аттокуров: "Коопсуз шаарды" ишке ашыруунун толук кандуу старт алуусу январь, февраль айларына туура келет"

 

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун толук кандуу старт алуусу 2019-жылдын январь, февраль айларына туура келет. Бул тууралуу депутат Данияр Аттокуров "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

"Маалымат технологиялары улам жаңы элементтер менен өзгөрүп жатканда андагы жаңылыкты кууп жетүүгө үлгүрүп, үлгүрбөй да калуудабыз. Бир кезде маалымат айдыңындагы байланышты эле жаңылык десек, азыр ар бир кадамды көзөмөлгө алып турган видеокаттагычтар пайда болду. Айрыкча, техниканын бул түрү жол коопсуздугун камсыздоодогу негизги таяныч болуп калды. Андыктан, аны жалпы коомчулуктун кызыкчылыгына колдонуп, коопсуздукту камсыздоого пайдалануу аракеттери көрүлүп келет. “Буга “Коопсуз шаар” долбоору мисал. Аны ишке ашырууга 7 жылдан бери далалат жасалууда”, - дейт депутат.

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев ар бир видеотасмага түшүрүлгөн кыймыл-аракеттердин бардыгы Мамлекеттик каттоо кызматынын жана “Транском” ишканасынын маалымат базасында сактала турганын билдирди.

"Бишкек шаарындагы 38 көчөнүн кесилишине видеокөзөмөл орнотулат. Андан тышкары Бишкек-Чалдовар, Бишкек - "Манас" аэропортун байланыштырган трассаларга да коюла турган видеокөзөмөлдөө жабдуулары бар. Ушундай эле техникалык жабдуулар Ош шаарынын 20, Жалал-Абад шаарынын 10 көчөсүнө коюлат", - дейт Шаршембиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: