super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөттө мугалимдердин эмгек акысын жакшыртуу боюнча кеңешме өттү

 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мугалимдердин эмгек акысын жакшыртуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдагандай, мугалимдердин эмгек маянасын чегерүү жумалык сааттын өлчөмү, билим берүү, педагогикалык иш стажы, бийик тоолуу жана алыскы райондордо иштөөсүнөн көз каранды. "Мындан тышкары жазуу иштерин текшерүү, класс жетекчилик, устаттык иши боюнча жана башка иштерине кошумча төлөнөт", - дейт министрдин орун басары.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, мугалимдердин эмгек акысын төлөөнү стимулдаштыруу принциптерин ишке ашырган системди киргизүү зарыл. Анда мугалимдин эмгегинин сапаты окуучулардын сапаттуу билим алуусунун жыйынтыктары менен өлчөнөт жана ал үчүн материалдык сыйлыкка татыйт.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдердин ишинин жыйынтыктарын баалоо критерийлерин, анын негизинде эмгек акы механизмин иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле Финансы министрлиги менен биргеликте мугалимдердин эмгек акысын саатына төлөө өлчөмүн көбөйтүүгө зарыл каражаттарды конкреттүү эсептеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну милдеттендирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: