super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Каракол шаарындагы базардын башчысына 200 миң сом айып пул салынды

 


Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынын директору өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактабаганы үчүн 200 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, инспекциянын аймактар аралык башкармалыгы тарабынан ушул жылдын июнь айында базарда өрт коопсуздугу жана курулуш багыты боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында бир катар кемчиликтер аныкталып толтурулган документтин негизинде базар жетекчилигине 50 миң сом айып салынган.

Бирок кийинки текшерүүдө көрсөтүлгөн кемчиликтер аткарылбагандыктан тийиштүү документтер чечим кабыл алуу үчүн Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

"Аталган ишти 454-берененин негизинде Каракол шаардык соту карап чыгып, базардын башчысына 200 миң сом айып пул салуу чечимин чыгарган. Базар жетекчилиги шаардык соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип облустук сотко кайрылган. Учурда иш облустук соттун кароосунда турат", - деп билдиришти инспекциядан.

8-декабрь күнү аталган базарда өрт чыгып, 4 контейнер күйүп кеткен. Ал эми келтирилген чыгымдын көлөмү 2 миллион сом деп бааланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: