super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Москва шаарында кыргыздар көп иштеген "Мега Белая дача" соода борборунда өрт чыкты

 

Москва шаарындагы "Мега белая дача" соода борборунда өрт чыкты. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Өзүм Ысык-Көлдүн кулуну болом. Бул жерге бардык миграннтар сыяктуу эле тиричилик издеп келгем. Аталган соода борборунда күзөт кызматында иштейм. Бүгүн бул соода борборунда болжол менен саат 13:40-14:00 чамасында өрт чыгып, сыртка эвакуацияландык. Бул жакта кыргыздар абдан көп иштешет. Алар дүкөн, ресторан, кассаларда, күзөт кызматтарында эмгектенишет. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Себеби өрт өчүрүүчү каражаттарды дароо иштетип, жалпылап чара көрүп жибердик. Бордордун ичиндеги өрт өчүрүлдү", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Москвада "Мега Белая дача" соода борборунда өрт чыкты. 13.12.18

Москва шаарында "Мега Белая дача" соода борбору өрттөндү. 13.12.18

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
13.12.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын
13.12.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир мусульман Бир туугандарды Аллахым озу сактасын, эсен аман тынч мекенге кайтканды насип кылган болсун, Оомийн!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: