Ош шаарындагы авариялык абалдагы көпүрөнүн ордуна жаңысы курулууда
Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Бул көпүрө жараксыз абалга келген болчу. Кечээ, 11-январда курулуш иштери менен Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов таанышып кайтты. Көпүрөнүн узундугу 9 метр, кеңдиги 12 метр болот. Көпүрөнүн курулушун шаардык жолдор башкармалыгы көзөмөл кылып, жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Калаа башчысы көпүрөнүн сапаттуу курулушуна көңүл буруларын билдирген", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Оштогу транспорт башкармалыгынын тел.номери болсо берип коюңуздарчы.