Аянттагы митингден милиция тарабынан кармалгандарга 3000 сомдон айып салынууда. "Арасында сабалгандар бар" дейт кармалган жарандар



Бүгүн, 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өттү. Ал саат 11:00дө башталып, кечки саат 16:30га чейин уланган. Митингде унаалар өтүүчү жолго чыгып кеткен элди акциянын аягында милиция кармай баштаган. Кармалгандар Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБине алып келинген.
Алар түшүнүк кат жазып алып, аз-аздан чыга башташты. Кармалган 21 жарандын ичинен атын атагысы келбеген 18 жаштагы бала 3000 сом айып пул төлөөгө милдеттендирилгенин айтты.
"Мага 3000 сом айып пул төлөө токтому чыкты. Бизди митингге чыкканыбыз үчүн кармап кетишти. Салынган айып пулду 1 айдын ичинде төлөшүм керек экен. Эч кандай уруп-согуу болгон жок", - деди бошотулган жаран.
Ошондой эле аны менен чогуу дагы бир жаран чыгып, ал да 3000 сом өлчөмүндөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилгенин айтты. Анын билдиргенине караганда, милиция кызматкерлери аянттан автобуска салып жатканда жана милиция бөлүмүнөн да айрымдарга күч колдонуп, кыйноолор болгонун айтты.
"Милиция тарабынан колдорун толгоп, кыйноолор болду. Азыр чыкса көрөсүңөр го, бир баланын оозун жарып салышты окшойт, шишип кетти. Анын кийими бир аз жупунураак болгонгобу "селсаяк" деп урушту. Селсаяк болсо деле ар бир адамдын өз укугу бар да", - деди экинчи жаран.
Учурда кармалгандардын төртөө бөлүмдөн чыгарылды.
Митингде милиция тарабынан кармалгандардын бири
