Кара-Суу районунда унаа жолдун айрым аймактарына түшкөн кар күрткүлөрүн тазалоо иштери улантылууда
Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында 14-январда болгон катуу шамалдын кесепетинен Бек-Жар-Кичи-Тээке ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлеринде кар күрткүсү пайда болуп жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"15-январь күнү унаа жолдун 4 чакырым аралыгы тазаланып, жол каттамы бир тараптуу ачылган. Жолду кар көчкүдөн тазалоого ӨКМнын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан бир Бульдозер тартылган. Тартылган техниканын жардамы менен 20-январь күнү унаа жолдун 1200 метр аралыгы, жалпы 6 чакырым жол тазаланган. Тазалоо иштери бүгүн, 21-январда да улантылат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















