Тартип комиссиясынын төрайымына берилген суроого орун басары жооп кайтарды

Тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарова Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда судья катары эмгектенип келет. Учурда Архарова Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун ишин карап жатат.
Бүгүн, 31-январда Тартип комиссиясынын ишине байланыштуу өтүп жаткан жыйында Кымбат Архарова судья катары тартип бузууга барып, анын үстүнөн арыз жазылса өзүнө чара көрүлөбү деген суроо берилди.
Бирок суроого анын орун басары Чынара Мусабекова жооп берди. Анын айтымында, Кымбат Архарованын үстүнөн арыз жазылып, тартип бузганы аныкталса сөзсүз чара көрүлөт.
"Арыз жазылса, Архарова төрайым катары катышпайт. Ошол учурда орун басары катары мен төрайымдык кылам. Башкача айтканда, Архарова ошол арызды кароо учурунда гана катышпайт", - деди Мусабекова.
Буга чейин маалым болгондой, Тартип комиссиясынын дарегине 2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын ошол мезгилине чейин жалпы судьялардын үстүнөн 1700гө жакын арыз келип түшкөн. Анын негизинде кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, 44 судья алдын ала эскертүү, 17си эскертүү, 8и сөгүш, 5и кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Тартип комиссиясынын төрайымы судья катары тартип бузса өзүнө кандай чара көрө алат?
