Аты жаман илдет. 2040-жылы рак менен ооругандардын саны эки эсе өсөрү айтылды
2040-жылга карата рак илдети менен ооругандардын саны эки эсе өсөт. Мындай божомолду Германиянын Гейдельберг шаарындагы илим-изилдөө онкологиялык борборунун профессору Михаэль Бауманн айткан. Анын билдирүүсүн чет элдик маалымат булактары жазып чыкты."Ооба, тилекке каршы, биз акыркы он жыл ичинде дүйнө жүзүндө рак менен ооругандардын саны өтө тездик менен өсүп жатканын көрүп жатабыз. Ал эми 2040-жылга чейин бул көрсөткүч дагы 2 эсеге өсөт", - деген Бауманн. Профессордун айтымында, Германиянын өзүндө 2030-жылдарга карата рак илдети менен ооруган жаңы учурлар 600 миңге чейин жетет.
Айрым маалыматтар боюнча, 2018-жылы дүйнө боюнча 18 миллион адамга рак илдетинен жабыркайт деген диагноз коюлган. Ал эми бул илдеттен көз жумгандардын саны өткөн жыл ичинде 9 миллион 600 миңге жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(4)
ice87
05.02.2019. 11:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оозуна таш!
zzari-83
05.02.2019. 12:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ice87,вот именно!Туура ,оозуна таш ...
nargiz94
05.02.2019. 14:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахтан башка эч ким билбейт, "рак" дегенде денем титиреп кетет. Эч кимибиздин жакыныбыз рак мн оорубасынчы!!
tynara81
06.02.2019. 15:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Себеби эмне экен. Алдын алса болбойт бекен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















