super.kg logo

Бишкекте сабагына шашып бараткан окуучулар гимн жаңырганда токтоп, колун көкүрөккө коюп туруп калышты

 
Асан Гайыпов уулу менен

Бишкекте сабагына шашып бараткан окуучулар Кыргыз өлкөсүнүн гимни жаңырганда колун көкүрөгүнө алып басып бараткан жеринде туруп калышты. Мектеп окуучуларынын гимнге кылган мамилесин Асан Гайыпов аттуу интернет колдонуучу тартып калган.

Анын SUPER.KG'ге билдиришинче, видео бүгүн, 21-февраль күнү эртең мененки саат 7:30 чамаларында Бишкектин Свердлов районундагы гуманитардык-укуктук №4-гимназиясында тартылган.

Гайыпов 3-класста окуган уулун мектепке бир мүнөткө кечигип алып кирип баратканда жогорудагы көрүнүшкө туш болгон.

"Уулум Илимбек 3-класста окуйт. Бүгүн жол тыгындан улам бир мүнөткө кечигип алып бардым эле. Мектеп имаратына киргенде гимн жаңырып калды. Окуучулардын баары басып бараткан жеринде колун көкүрөгүнө алып токтоп туруп калышты. Мени бул көрүнүш аябай кубандырды. Чыдабай кетип видеого тартып калгым келди. Гимн ырдалып бүткөндөн кийин гана окуу класстарына кирип кетишти. Бир мүнөткө кечикпесем мүмкүн таптакыр эле бул көрүнүштү байкабай калмак экенмин. Окуучулардын бул аракети менин мекенчилдик сезимимди күчөттү", - деди Гайыпов.






Бишкекте окуучулар гимн жаңырганда басып бараткан жеринде токтоп туруп колун көкүрөгүнө алышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(14)
Медиа-портал
21.02.2019. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Азаматтар, биздин келечегибиз!
21.02.2019. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айланайындар десе! Өлкөбүздүн келечеги ушул балдар, көзүбүздүн карегиндей сактайлы!
21.02.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мектеп жамаатына рахмат,ушундай окуучуларды тарбиялап жаткан.
Медиа-портал
21.02.2019. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азан айтылып атканда дагы мусулмандар ушундай кылыш керек болчу. Жок дегенде жаман ойду бир мунотко жылдырып, жакшылык тилеп, келме келтирип отура турса..., кандай сонун болоор эле. Аттин! Пендечилик да.
Медиа-портал
21.02.2019. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Snejana,Менин оюмду жазыпсын. Гимнден Азан бийик турат жана убактылуу жашоодон түбөлүктүү жашоого сооп иштерди жасап калууга чакырат. Албетте гимн бул өлкөбүз үчүн келечек муун үчүн жакшы тарбия экен
Медиа-портал
21.02.2019. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Snejana, азан айтылып жатканда ойлонуп отур келме келтир дебейт. Тескерисинче даараттын алып мечитке шашыш кк. Азан адамдарды мечитке намазга чакырат
Медиа-портал
22.02.2019. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Omush94,Азыр ким ошентет? Даарат алып, мечитке бардыгы эле чуркабайт. "Жок дегенде"- деп атам.
Snejana түзөттү 2019-02-22 00:05:22
Медиа-портал
22.02.2019. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Snejana,Ар ким озу учун жооп берсин. Азыр эчким андай кылбаса сиз ошондой кылыныз!.
Медиа-портал
21.02.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошо озунуздон баштаныз
Медиа-портал
22.02.2019. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
newman,Озум эчаак башагамын. Айтып коюу парз.
22.02.2019. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Как будьто Куран же азан үнү чыкканда токтоп калгандай жазыптырго. Куран азандын жанында гимн эч нерсе эместа. Мунан эч кандай үлгү алатурган жери жок экен, себеби гимн ыймандын бутагына кирбейтта...
22.02.2019. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AIA-TOO,туура айтасыз. Кошулам.
22.02.2019. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AIA-TOO,диний фанатизм осуп барткан го. Сен ошол гимндин бар экендиги учун. Ошол жаныргандыгы учун мамлекеттин жараны болуп журосун да. Азан салыштыруунун эмне кереги бар
22.02.2019. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азан менен гимн таптакыр эки башка!! Мамлекеттин бар экендигин далилдеген нерсенин бирөө ушул гимн!! Бул мекенчилдик. Мекенчил болгон адам гана эли журтун ошол динин сыйлайт!! Азан айтып жатканда көкүрөктү колго коюп тура калыш керек дегенди биринчи жолу угуп атам обу жок болбогула. Дин мамлекеттен чечттетилген,кааласаңар каалабасаңар да светтик мамлекетпиз. Анан балдарыбыз гимн ырдалып жатканда колун көкүрөгүнө койгону аябай жакты. Азаматтар, силер келечектин ээсисиңер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: