super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте балдарга карата зомбулуктун жана балдар кылмыштуулугунун алдын алуу маселеси талкууланды

 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 21-февралда "Мамлекеттик органдар ортосундагы балдарга карата зомбулуктун жана балдар кылмыштуулугунун алдын алуу маселеси боюнча өз-ара аракеттешүү механизмдерин өркүндөтүү" аттуу тегерек столго катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда Өкмөт үчүн балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу жана ага тыюу салуу мамлекеттик деңгээлде комплекстүү чечүүнү талап кылган актуалдуу жана курч көйгөйлөрдүн бири экени айтылды.

Вице-премьер кароосуз калган балдарды үй-бүлөлүк чөйрө менен камсыздоо иретинде асырап алуучу үй-бүлө институту ишке киргизилип жатканын айтты. 2014-2018-жылдары 177 асырап алуучу (фостердик) үй-бүлө окутулуп, сертификацияланган. Асырап алуучу үй-бүлөнүн тейлөөсү менен 98 бала камсыздандырылган.

"Балдарды кароого алуунун альтернативдик үй-бүлөлүк формасын өнүктүрүү ата-энесинин кароосуз калган балдарга, анын ичинде, мигранттардын балдары жөнүндө тийиштүү камкордук көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга катар үй-бүлөдөгү балага карата зомбулук көрсөтүү жеке көрүнүш катары каралбастан, коомдогу сергектиктин жана адам укугунун бузулушу жаатындагы олуттуу көйгөй катары каралышы абзел. Коомдо балдарга карай зомбулукка жол берилбеши тууралуу түшүнүк сиңирилиши керек, анткени чөйрөнүн көйгөйүнө кош көңүл мамиле кылуу аркылуу жалпыбыз унчукпастан кылмышка катышуучу катары кабылдануубузга жол берилүүдө", - деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, балдарга зомбулук көрсөтүү жана балдардын кылмыштуулугу — жалпы коомдун көйгөйү жана ал коомдук уюмдарды жана мекемелерди тартуу менен мамлекеттик органдардын биргелешкен күч-аракети аркылуу чечилиши кажет.

Вице-премьер-министр өз ара аракеттешүүнү уюштуруунун аксап жатканына, бул багыттарда ишмердикти координациялоо боюнча мамлекеттик органдарда, ошондой эле башка алдын алуу тутумундагы органдарда так маалыматтардын жоктугуна өзгөчө басым жасады.

"Балдардын жана үй-бүлөлөрдүн жайсыздыгынын алдын алуу жана оор турмуш шартындагы балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн, анын ичинде катаал мамиледен жана зомбулуктан жабыркаган балдарды социалдык реабилитациялоо индивидуалдык программаларын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттердин Тартиби иштеп чыгарылат жана бекитилет", – деди Алтынай Өмүрбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: