super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дүйнөдө ак ниет адамдар көп. Москвада такси айдаган Кыргыз жигити жүргүнчү унутуп кеткен 1 миллион рубль акчаны кайтарып берди

 
Нурсултан Кайназаров
Нурсултан Кайназаровдун келинчеги жана кыздары.

Адамда ач көздүк сапат жок болсо ар бир жасаган ишинен ак ниеттүүлүктү көрүүгө болот. Бул сөздөр 27 жаштагы кыргыз жигитинин жөнөкөй адамдык мамилесиндеги эрдигин сүрөттөй алат.

Нурсултан Кайназаров Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таран-Базар айылында туулган. Учурда Москва шаарында жүргүнчү ташып такси кызматында иштейт. Ал унаасында жүргүнчү унутуп кеткен 1 миллион рубль акчаны ээсине кайтарып берди.

Акча каражатынын ээси, дагестандык аял Нурсултан Кайназаровдун апасына кайрылуу жөнөтүп, төмөнкүлөрдү айткан.

"Эже, ушундай уулду багып чоңойтконуңузга, туура тарбия бергениңизге рахмат. Биз унаасына 1 миллион рубль акчаны, паспортту унутуп кеткен экенбиз. Уулуңуз баарын толугу менен кайтарып берди. Эми кайра бизди аэропортко алып бара жатат. Биз Махачкаладан болобуз. Келип конок болуп кетиңиздер", - деген.

- Нурсултан, окуя тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

- 20-февралга караган түнү "Домодедово" аэропортунда турсам дагестандык жигит келип отурду. Бара турган даректи айтып, ошол жерге жеткирүүмдү суранды. Жеткирдим. Ал унаама 1 миллион рубль акчасын унутуп койгон экен. Акча отургучтун асты жагына түшүп калыптыр. Мен аны арадан 12 саат өткөндө көрүп калдым. Чоң суммадагы акча көрүнгөн. 1 миллион рубль экенин кийин билдим.

- Акчанын ээлери апаңызга видео кайрылуу жөнөтүшкөн экен.

- Ооба. Алар Дагестандан кредитке акча алып келе жатышкан экен. Кайра колго алышканда аябай ыраазы болуп кайрылуу жөнөтүштү. Апам Бишкек шаарында турат. Келинчегим ооруканада болчу. Апам угуп алып сыймыктанып калды.

- Такси кызматында иштегениңизге канча болду?

- Негизи Москвага 2012-жылдан бери келип-кетип иштеп жүрөм. Такси айдап иштегениме бир ай болгон. Үй-бүлөлүүмүн. Кыздарым бар.

-Маегиңизге рахмат!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(17)
22.02.2019. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Молодец
22.02.2019. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Сыймыктанам ушундай жигиттер кыргыздан чыгып атканына. Кудайга шүгүр.
22.02.2019. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Азамат!
22.02.2019. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
1 000 000 руб 1 000 руб эмес да кантип унутуп кетишет тушунуксуз тем более кредитке алган болсо.а так жигит красавчик !!!
22.02.2019. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
TalaCSKA, Зилалиев банктагы ячейкасында 900 миң долларын унутуп калган го. 1 млн руб эмне болуп калыптыр
22.02.2019. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Азамат ушундай намыс кучтуу жигитер бар болсун!
22.02.2019. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Азамат сендей чынчыл балдар коп болсун
22.02.2019. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Напсинин кулу болбой ущундай жигиттер көп болсо го. Молодец иним. Кудайым берет ниетиң түз экен. Ата-энеңе алкыш.
22.02.2019. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азамат экенсиз
22.02.2019. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Красавчик эркек
22.02.2019. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
1милионду алып койсо жон эле таап алатда таксисти
22.02.2019. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мусулман олколорунон келген адамдарды только жанкечти же адам олтургуч,акча корбогон бир байкуш деп билген айрым орустар аз да болсо ойлорун озгортушот деп ойлойм.
Азаматсын!Ата-энесине рахмат жакшы тарбия берген экен,жана динчил жигит экени корунуп турат,мен озум ото динчил эмесмин,бирок билем,Кудайга ишенген,корккон адам эч качан жамандыкка барбайт...
22.02.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу бол. Уй булон менен
22.02.2019. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат нукура Кыргыз! Ушундай тарбия берген ата-энене рахмат
22.02.2019. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах раазы болсун эки дүйнө бактылуу кылган болсун ата эне балдарың өмүрлүк жарын өмүрү узун болсун Аллах сага ошол акчаны эки эссе кылып тапкан акчаларын берекелүү болсун
22.02.2019. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызым аман болгула
23.02.2019. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
За вознагражления канча акча берди ошону айтсан боло бай болгур. Ото туура иш жасаптырсын Аллахым ишине рываз берсин оомин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: