super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жогорку Кеңеште кайрадан даараткана маселеси көтөрүлүп, күн ысыганча өкмөт аймактарга ажатканаларды куруп бүтүрүүсү керектиги эскертилди

 

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Жыйында ар кандай маселелер каралууда. Анда депутат Бактыбек Турусбеков жай мезгили жакындап келе жатканын айтып, туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү керек экенин билдирди.

Ал ар бир аймакка заманбап дааратканаларды куруу керектигин өкмөткө эскертти.

"Күн жылып келе жатат. Бир же эки айдан кийин Кыргыз мамлекетинин аймактарына келген туристтердин саны көбөйөт. Ошондуктан алдын ала даярданып, жок дегенде заманбап дааратканаларды салдырып коюу керек. Убагы келгенде жасаш керек эле деп чуркап калбай. Ушул маселени күн тартибине киргизип, каражатын карасак", - деди эл өкүлү.

Мындан тышкары Турусбеков аймактарды таза суу менен толук камсыздоо маселесин көтөрдү.

"Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп президентибиз эки жылдан бери жарыялап келет. Ошонун алкагында аймактар таза суу менен толук камсыздалса деп ойлойм. Мен "Аристин" жетекчилиги менен да сүйлөштүм. Таза суу маселесин эртелетип чечип берүү абзел. Анткени кээ бир айылдарда эл дагы деле арыктан суу ичип жатат", - дейт депутат.

Кечээ, 27 февралда да Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору талкууланып жаткан учурда эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева даараткана маселесин көтөргөн. Анда ал өкмөттү калпакты кордоду деп айып салуунун ордуна ар бир аймакка даараткана курууну ойлонууга чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: