КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эмне иш жасады?
Өткөн жылы өлкөгө келген инвестициянын көлөмү 31,5 пайызга азайды. Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай, өлкөдө өзгөчө инвестиция тартуу тарабы солгун деп сындап келишет. Фракциялык жыйындардын биринде өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендигин айтышкан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эмне иш жасады?" деген собол салды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдиргендей, 2018-жылы январь айына салыштырмалуу быйыл инвестициянын көлөмү 14 пайызга төмөндөдү.
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев мыйзамдар туруктуу эмес болуп жатканын айтты.
Экономист Айылчы Сарыбаев өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эч кандай аракеттер жасалган жок деген пикирде.
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов белгилегендей, Кыргыз мамлекетинде жумуш күчү, электр энергия, салык арзан болуп инвесторлорго жакшы шарттар түзүлгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев парламентте ишкерликти колдоо боюнча бир топ иштер жасалып жатканын айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча маселелерди көзөмөлдөп турарына токтолду.















