1-марттан баштап Араван-Ак-Буура каналында убактылуу суу токтотулат
1-марттан баштап Араван-Ак-Буура каналында убактылуу суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, каналда оңдоо иштери жүрөт. "2019-жылга карата Ош шаарынын, Кара-Суу жана Араван райондорунун суу пайдалануучуларынын эгин талааларына сугат суу жеткирип берүүнү жакшыртуу үчүн Араван-Ак-Буура каналын капиталдык оңдоодон өткөрүү, тазалоо жана кеңейтүү иштерин аткаруу үчүн каналга суу берүү убактылуу токтотулат. Оңдоо-курулуш иштери 2019-жылдын апрель айына чейин жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















