super.kg logo

Чек арадагы жаңжалда милиция кызматкери октон жаракат алды

 

Чек арадагы чырда милиция кызматкери октон жаракат алды. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Баткен ОИИБинен тастыкташты. Алган жаракатынан улам ал ооруканага жиберилди.

Айрым маалыматтарга караганда, ага Тажикстан тараптан атылган ок тийген. Бирок учурда ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкери эмнеден улам жаракат алганы боюнча маалымат бере элек.

Мамлекеттик чек ара кызматы саат 16:10 чамаларында Кыргыз-Тажик чек арасында абал кайрадан курчуп кеткенин, Ак-Сай айылынын Бакай аймагында чогулгандардын бири-бирине таш ыргытуусунан бир адам жаракат алганын билдирген.

Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болгон. Бул маселе боюнча бүгүн өлкө башчы Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү элчилери менен жолугушууда үн каткан жок.








Чек арадагы жаңжалда 1 милиция кызматкери жаракат алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
14.03.2019. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийликтегилер ##### жеп отурасынарбы алып ьарбайсынарбы куч тузумдорун армия полный барсын бергиле приказ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: