Борбор калаада "Бишкек сулуусу-2012" сынагы өтөт
7-декабрь күнү борбор калаадагы Кыргыз драма театрында "Бишкек сулуусу-2012" сынагы өтөрүн аталган сынактын уюштуруучусу жана ишкер айым Рыскүл Намазбекова билдирди. Сынакка 16 жаштан 24 жашка чейинки 26 кыз катышмакчы. Алдынкы 2 орунду ээлеген эки бийкеч эс алып келүү үчүн Дубайга жолдомо алса, "Вице-мисске" Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине 10 күндүк эс алууга жолдомо берилет. Рыскүл Намазбекова ар бир катышуучу белексиз калбасын кошумчалады.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
10:50
2025-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















