Бишкекте Атамбаевге каршы чыккан КСДПнын мүчөлөрүнүн съезди өтүүдө
Бүгүн, 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын жетектөөчүсү Сагынбек Абдрахманов уюштурган КСДПнын съезди өтүп жатат. Учурда ага жарандар чогулуп, 200-300 адам келди. Жалпысынан 600 адамдын келиши пландалууда.
Буга чейин Иса Өмүркулов КСДП кезектеги съездин 3-апрелде өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирген. Бирок ал жана башка парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттарынын келгени байкалган жок. Учурда парламентте Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселе каралууда. Анда КСДПнын депутаттарынын бардыгы катышып жатат.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгындагы КСДПнын съезди 6-апрелде өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















