Чүйдүн Ат-Башы каналына 5 жаштагы бала чөгүп кетти
Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 5 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5 жаштагы Б.Б. аттуу наристе 11-апрель күнү каналга түшүп кеткен. ӨКМга маалымат келип түшкөн соң издөө иштерин жүргүзүү үчүн №1 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу чыккан. Наристени түнкү саат 23:50 чамасына чейин изделип, бирок табылган эмес.
Бүгүн, 12-апрелде дагы издөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















