Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн
19-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
19-20-апрелде Кыргыз мамлекетинин көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:32
2025-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















