super.kg logo
  Саясат  

Мамкаттоонун төрагалыгына Алмаз Мамбетов дайындалды. Анын ысымы буга чейин кайсы чууда аталган?

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагасы болуп Алмаз Мамбетов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматын Алина Шаикова жетектеп турган.

Мамбетов 43 жашта, буга чейин анын Балыкчы шаарына мэр болгону белгилүү.

Алмаз Мамбетовдун ысымы коомчулукка сөгүндү делген аудиосу тарагандан кийин көбүрөөк билинген. 2017-жылы 7-август күнү уят сөздөр менен коштолгон телефон сүйлөшүү интернетке тараган. Андагы сүйлөшүү Балыкчы шаарынын ошондогу мэри Алмаз Мамбетов менен аталган шаарды андан мурун жетектеген Сатыбек Шамшудиновдун ортосунда болгону айтылган. Интернетке тараган телефон сүйлөшүүдө Алмаз Мамбетов кайсы бир маселе боюнча Сатыбек Шамшудиновду сөгүп жатканы угулган. Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудинов интернетке тараган сүйлөшүү чынында эле болгонун SUPER.KG порталына тастыктаган. Анын айтымында, шаар мэринин чалуусуна Балыкчы шаардык кеңешине жазылган кайрылуу себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: