Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында уранга каршы митингге тыюу салынды. Активисттер "баары бир чыгабыз" дейт
Эртең, 30-апрелде Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Тиешелүү чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, район башкармалыгы сотко кайрылып, 30-апрелде "Ала-Тоо" аянтында башка иш-чаралар өтөрүн кабарлап, митингди башка жерге жылдырууну өтүнгөн. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. Бирок бул чечимге карабай "Жашылдар партиясы" эртең митингге саат 11:00дө чыкканы жатышат. Алар уран өндүрүүгө тыюу салууну талап кылышмакчы.
Буга чейин 26-апрелде уран кенин иштетүүгө каршы митинг өткөн. Анда 300гө жакын адам катышкан. Өкмөт Кызыл-Омполдо ишти токтотуп туруу чечимин кабыл алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:53
2025-07-07
Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
aiba.8327

29.04.2019. 20:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болуп эле жатышат уран казмай токтоду деп жатышпалы беле....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.