Жалал-Абаддагы күйүп жаткан мунай базасы "Томас и Ко" ЖЧКсына таандык





Жалал-Абад шаарында жайгашкан мунай базасында чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Алдын ала маалымат боюнча, Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 9:40та келип түшкөн. Алгач өрт өчүрүүгө саат 10:05те 3 бөлүм тартылган, андан соң саат 10:17де Сузак райондук өрт өчүрүү кызматынан 3 бөлүм, саат 10:55те Жалал-Абад шаардык №58 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Азыркы тапта 7 бөлүм өрттү өчүрүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.
Өрттү өчүрүү иштерин жеринен көзөмөлдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын башчысы полковник Абулнасир Закиров өзү келген. Окуя болгон жерде ИИМ кызматкерлери, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада иш алып барууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча күйүп жаткан мунай базасы - "Томас и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. Аталган компаниянын директору Жоомарт Токомбай уулу, ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү Казыбек Ташиев жана Замирбек Жылчымышев экени айтылууда.
Жалал-Абаддагы нефти базада чыккан өрт 2
Мунай базасында чыккан өрт
Жалал-Абадда мунай базасында өрт чыкты
Жалал-Абаддагы нефти базада чыккан өрт күчөп жатат
Жалал-Абадда мунай базасында өрт чыкты


ошого барыбыз тапкан мулкубуздун акысын бергенди унутпайлы