Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз мамлекетине келди
Бүгүн, 13-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз өлкөсүнө келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
Казакстандын президентин "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Токаев Кыргыз өлкөсүнө президент катары биринчи жолу келди.
Эртең, 14-июнда Бишкек шаарында ШКУнун саммити өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:32
2025-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















