Милиция: "Белгисиз жаран аялды аёосуз сабады деп тараган видео Кыргыз өлкөсүндө тартылган эмес"
Бишкекте белгисиз жаран аялды аёосуз сабады деп тараган видео Кыргыз өлкөсүндө болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Акыркы 2 күндөн бери социалдык тармактарда белгисиз жаран көчөдө кетип бара жаткан аялды себепсиз катуу ур-токмокко алган видео тарап жаткан. Анда интернет колдонуучулар окуя Бишкектин Иса Ахунбаев-Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган деп жазып чыгышкан. Видеодо окуя 22-июнда түнкү саат 00:44тө болгонун көрүүгө болот.
Бул тууралуу Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда төмөндөгүдөй билдиришти: "Видеодогу окуя Кыргыз өлкөсүндө болгон эмес. Социалдык тармактарда жазылган ой-пикирлер чындыкка дал келбейт. Окуя Кытайдын Ляонин провинциясында орун алган. Учурда кылмышка шектүү издөөгө алынып, түрдүү жаракаттарды алган 29 жаштагы жабырлануучу ооруканага жаткырылган", - деп билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















