Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков: "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу эгемендүүлүккө таасир этпейт". КҮНСОБОЛ
11-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Москвада жолугушкан. Ал эми кечээ, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына барып, Путин менен жолукту. Президент жана экс-президенттин бул кадамдары коомчулукта талкуу жаратууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу өлкө толук эгемендүүлүккө ээ эмес деген көрсөткүчпү?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков белгилегендей, Кыргыз мамлекети эгемендүүлүккө ээ. "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу эгемендүүлүккө таасир этпейт. Өлкөдөгү абал тууралуу айтып беришкени эгемендүүлүккө ээ эмес дегенди түшүндүрбөйт. Кыргыз Республикасы көз карандысыз мамлекет", - дейт Ишенбай Кадырбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















