Ырчы Гүлжигит Калыков: "Кызыма Даткайым деген ысым ыйгардык. Уулум апасын бөбөгүнөн кызганып жатат"
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков кызына Даткайым деген ысым ыйгарды. Ырчы бүгүн, 26-июлда кызын төрөтканадан үйүнө чыгарып келди.
"Жубайым менен кызымды үйгө чыгарып келүү үчүн ата-энем, келинчегимдин төркүнү, бир туугандарым барышты. Андан тышкары досторум дагы келишти. Үйгө келгенден бери уулум апасын кызганып, бөбөгүн колунан тартып, апасына жармашып жатат. Балама 1 жаш 9 ай болду", - дейт ал.
Ырчынын жубайы 22-июлда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарган.
2016-жылдын 8-июлунда Айпери аттуу сулуу менен баш кошуп, 2017-жылы уулдуу болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-11-21
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
Рейтинг:
3
3

Супер-Инфо
super.kg видео


















Элине жерине чон кызмат кылган перзенттен болсун!
Бешик боонор бек болсун!