Ошто күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыкты
Ош шаарында күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда Мамыров көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайында күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыккандыгы тууралуу бүгүн, 31-июлда саат 22:23тө маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылган. ӨКМ дагы кошумча маалымат бериле турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















