"Кампада 3 миллион долларга жакын товар сакталчу" дейт өрт чыккан кампанын жумушчусу
Бүгүн, 4-августта Дордой-1 конушунда жайгашкан кампадан өрт чыкты.
Өрттүн кесепетинен кампадагы үй-тиричилик товарларынын дээрлик баары күйүп кетти. Атын атагысы келбеген кампанын жумушчусу буларды айтып берди.
"Бул кампа бир эле кишиге таандык. Ээси кыргыз, жеке ишкер. Кампанын жалпы аянты 2 миң чарчы метрге чукул. Бул жакта үй-тиричилик техникаларынын бардык түрү бар болчу. Товарлар Орусиядан, Түркиядан алынып келчү. Техниканын дээрлик баары күйүп кетти. Товардын жалпы суммасы 3 миллион долларды түзөт", - дейт мукактанган жумушчу.
Азырынча өрттүн келип чыгуу себеби белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:32
2025-11-24
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















А бул жерде бир байдын товары куйду го эчтемке эмес баш аман болсо акча табылат.