Казакстандын премьер-министри иш сапары менен Кыргыз жергесине келди
Бүгүн, 8-августта Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө иш сапары менен келди.
Аскар Маминди Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
Иш-сапардын алкагында Аскар Маминди президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын катышуусундагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөрү маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















