super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын мөөнөтүнөн мурда тарап кетишине негиз барбы? Мирлан Жээнчороев: "Эл Жогорку Кеңештин ишине ынанбай жатат"

 

Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Бирок коомчулук тарабынан Жогорку Кеңешке кескин сын-пикирлер айтылып жатат. Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт деген жоромолдор көп айтылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын мөөнөтүнөн мурда тарап кетишине негиз барбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев парламент бийликтин бутагы катары өзүнүн көз карандысыздыгын көрсөтө албай жатат деген пикирде.

"Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркатылышы Конституцияда белгиленген. Анын эки жолу бар. Эгерде өкмөт менен парламенттин кандайдыр бир маселеде келишпестиктери болсо өкмөттү же Жогорку Кеңешти таркатууга жол бар. Ички демилге, белгиленген регламент менен кол топтоп, Жогорку Кеңешти таркатууга болот.

Жогорку Кеңештин аброю өтө жакшы эмес экени эл арасында айтылып жүрөт. Эл Жогорку Кеңештин ишине ынанбай, элге маалымат жетпей жатат. Ошондой эле парламент бийлик бутагы катары өзүнүн көз карандысыздыгын көрсөтө албай жатат. Башка өлкөлөрдө коомдук басым болсо парламенттин ичинен чечим кабыл алынып, өзүн-өзү таркатат", - дейт Жээнчороев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: