Нарын. Шаардык кеңешке ат салышып жаткан партиялардын биринин өкүлү "арак таратып, үгүт иштерин жүргүзгөн" деп айыпталууда
Нарын шаарынын №4080-шайлоо участкасында “Мекен ынтымагы” партиясынын өкүлү шайлоочуларды үгүттөп,
спирт ичимдигин берип жаткан жеринен кармалды. Кармалган жаран N 6006 В номерлүү автоунаасынан арак
таратып, “тизмедеги №1-партияга добуш бергиле” деген үгүт иштерин жүргүзгөн. Бул факт боюнча акт түзүлдү. Учурда “Мекен
ынтымагы” партиясынын өкүлдөрү муну четке кагышууда жана кармалган шектүүнүн үстүнөн иликтөө иштери жүрүп жатат.
Автор: Гүлжан Асанкожоева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















