Бишкектеги желим буюмдарды сактоочу кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды
Бишкектеги желим жана азык-түлүк буюмдарын сактоочу кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиргендей, өрт саат 20:15те чектөөгө алынган.
Бүгүн, 22-августта Октябрь районундагы Ч.Валиханов көчөсү №2В/2 дарегинде жайгашкан кампадан өрт чыккан. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2 миң 800 чарчы метрди түзөт.
Өрт тууралуу маалымат ӨКМга саат 18:42де келип түшкөнүн жана аны өчүрүүгө жалпысынан 5 бөлүм тартылганы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:26
2025-11-25
17:40
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















