Бишкектеги желим буюмдарды сактоочу кампадан чыккан өрт түнкү саат 1де толук өчүрүлдү
Бишкектеги желим жана азык-түлүк буюмдарын сактоочу кампадан чыккан өрт түнкү саат 01:21де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2800 чарчы метрди түзгөн азык-түлүк, кездеме жана пластик түтүкчөлөрдү сактаган кампа күйгөн. Өрттөн бир адам жеңил жаракат алган. Учурда бардык чыгымдар такталууда.
22-августта Октябрь районундагы Ч.Валиханов көчөсү №2В/2 дарегинде жайгашкан кампадан өрт чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:26
2025-11-25
17:40
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















