Бишкек-Ош унаа жолунда автокырсыктан 2 адам жабыркады
7-августта саат 19:35 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 428-чакырымында, тактап айтканда, Таш-Көмүр шаарында Тойота Сурф унаасы менен Ниссан Примера унаасы сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кырсыктан жабыркаган 2 адам жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилди. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















