Билим берүү министринин орун басары: "2023-жылга чейин өлкөдө окуучуларга ысык тамак берилбеген бир да мектеп калбайт"
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүнкү күндө ысык тамак берилбеген мектептерге ысык тамак берүү этап-этабы менен жүргүзүлүп жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал түзүлгөн жол картасынын негизинде 2023-жылга чейин өлкөдө окуучуларга ысык тамак берилбеген бир да мектеп калбай тургандыгын айтты.
Парламентте "Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Мыйзам долбоору мектептердеги башталгыч класстарга ысык тамак берүүнү уюштурууну мыйзамдуу түрдө бекитүү максатында иштелип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:40
2025-11-25
14:57
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
Sezimka27
25.09.2019. 14:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куруулай убада берип тажабадынарбы а биз тажадык угуп
Samatalibei
25.09.2019. 23:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катуу кетип албадынарбы! 2023эмес озунор эртен эрте менен ыссык тамак жейим деп кепилдик бере аласынарбы. Аыйлда мектептин дубалы жарылып кеткен терезеден шамал кирет паталоктон тамчы агат ошондой класста катасы коп китепти окуп отурган окуучунун ыссык тамагы муздап калбайбы?
Samatalibei түзөттү 2019-09-26 00:02:02
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















