super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Мэр менен жолугушуу кайра эле куру убадалар менен коштолду" дейт ишкерлердин укугун коргоо бирикмесинин төрагасы Махмуд Губайдулин

 

"Ош базарындагы" "Берекет" ЖААКсынын соодагерлери бүгүн, 25-сентябрда мэр менен жолугушуусунда базарга электр энергиясын кайрадан туташтырып берүү талабы да коюлду. Мэр нааразычылык акциянын катышуучуларынын талабын он күн ичинде чечип берүүнү "Түндүк электронун" өкүлүнө тапшырды.

Ишкерлердин укугун коргоо коомдук уюмунун төрагасы Махмуд Губайдулин мэр менен болгон жолугушуу канчалык деңгээлде жемиштүү болгонуна токтолду.

"Мэр менен жолугушуу кайра эле окшош убада берүүлөр менен коштолду, бул убадаларды биз 3-сентябрда деле укканбыз. Митингге чыгалы деген оюбуз деле жок болчу. Бизге электр энергиясын берип коюшсун, болду. Биз эсептеп беребиз акчасын төлөйбүз. Булар дагы он күндөн кийин беребиз деп жатышат", - деди Губайдулин.

Бүгүн "Берекет" ЖААКсындагы соодагерлер базардын жетекчилигине нааразычылыгын билдирип, Ак Үй тарапка чейин жөө жүрүш жасап, мэрияга келип "Берекет" базарынын аймагындагы муниципалитетке тиешелүү деген жерди мэриянын карамагына өткөрүү жана базарга электр энергиясын кошуп берүү талаптарын коюшкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: