"Кыргыз мамлекетинде мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салынган" дейт Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары
Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында диний уюмдарды каттоо боюнча мыйзам долбоору каралды. Анда депутат Кожобек Рыспаев мектепке хиджаб кийип баруу боюнча маселени көтөрдү.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Замир Чотаев Кыргыз өлкөсү светтик мамлекет болгондуктан, мектепке хиджаб кийип келүүгө тыюу салынганын айтты. Депутат бул маселе боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.
Депутат Махабат Мавлянова шайлоочулар менен жолугушканда, ата-энелер балдарын медреселерге берүүгө кызыкдар экенин айтып жатышканын, бирок анда мектептерде өтүлгөн сабактар окутулар-окутулбасын сурап жатканын билдирди.
Замир Чотаев ушул тапта медреселердеги окуу жүрүмүн жөнгө сала турган жобо иштелип чыгып жатканын билдирди.
1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Туура. Хиджаб - бул кыргыз кыздарын арабтардын салтына байлоо максатына багытталган нерсе. Хиджаб кыргыз кыздарынын баркын которбойт. Кыргыз кыздарынын хиджабка чүмкөнүп оронуп жүрүшүнө каршмын. Жаш кыз болгондон кийин жакшынакай жаштардай болуп жүргөндөрү жакшы.