2018-жылы салыктан 2 миллиард 500 миллион сом, бажыдан 1 миллиард 800 миллион сом көлөмүндөгү каражат түшкөн
2018-жылы өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайызды түзүп, пландагы салыктык көрсөткүчкө салыштырмалуу 2 миллиард 500 миллион сом, бажыдан 1 миллиард 800 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.Жогорку Кеӊеште 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт угузулган.
"Өткөн жылы бажы алымы 14 пайызга, ал эми салыктык киреше 7 пайызга өскөн. Быйыл дагы салык көлөмү 10 пайызга чейин өсөт деп турабыз. Бул ички дүӊ өнүмдүн өсүшүнө караганда жогору. 2018-жылы айрым тармактар боюнча бюджеттик план аткарылбай калган. Мисалы, түз инвестиция тартуу планы 76 пайызга гана аткарылган, бул маселе өкмөттүн жыйынында каралып, бир катар министрликтер менен мекемелерге тийиштүү чаралар көрүлгөн", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















