Бишкекте адашып кеткен 3-класстын окуучусу ата-энесине өткөрүлүп берилди
Бишкекте 3-класстын окуучусу сабактан чыккандан кийин адашып кеткен. Патрулдук милиция кызматкерлери окуучу кызды ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришкенин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 13-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Тоголок Молдо көчөсүндө сабактан чыккан окуучу адашып калгандыгы маалымдалган. Айтылган дарекке патрулдук милиция кызматкерлери барышып, окуучунун 2010-жылы туулган Т.С. аттуу окуучу кыз экенин аныкташкан. Ал борбордогу мектептердин биринде 3-класста окуй турганы маалым болгон. Окуучуну Биринчи Май райондук өспүрүмдөр менен иштеген инспектору үйүнө алып барып, ата-энесине өткөрүп берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:26
2025-11-25
17:40
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















