Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүп жатканы айтылды
Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурлар өсүүдө. Бул тууралуу Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет жыйынында белгилүү болду. Комитет отурумунда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралган.Мыйзам долбоору 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбооруна сунушталып жаткан өзгөрүүлөр боюнча маалымат берген ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев: “Үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурлардын өсүп жаткандыгы өкүнүчтүү. Алсак, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан берилген коргоо ордерлеринин саны 2012-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта 2 миң 415тен 7 миң 114кө чейин өскөн", - деди.
Талкуу соңунда аталган маселе боюнча комитеттин корутундусу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















