Түркмөнстандын президенти Жаңы жылдык кечеде ырдап, ди-джейлик өнөрүн көрсөттү




1-январь күнү Youtube каналга Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы жылдык концерти жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 30-декабрь күнү президент майрамдык кечеде өзү ди-джейлик кылып, ырдаган. Бир саат бою конокторго чыгармаларын тартуулап, ди-джейдин аппараты кандай иштээрин, сэмпл деген эмне, музыканы кантип өзгөртүп, башкарса болот, кантип атайын эффекттерди колдонсо болот, баарын айтып берген.
Эске салсак, буга чейин Гурбангулы Бердымухамедовдун 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык кечеде "Каракум" аттуу ырына тартылган клиби көрсөтүлгөн.
Түркмөнстандын президенти Жаңы жылдык концертте ырдап, ди-джейдик өнөрүн көрсөттү
Түркмөнстандын президенти концерт койду
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:32
2025-08-13
21:58
2025-08-13
19:41
2025-08-13
Рейтинг:
1

Эшеке килем жапсан дагы эшек